Жээнбеков Темир Жумакадыровдун ата-энеси жана жубайы менен жолугушту

0

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-октябрда 2017-жылы октябрь айында курман болгон Темир Жумакадыровдун ата-энеси жана жубайы менен жолугушту.  

 Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Мамлекет башчысы Темир Жумакадыровдун туугандарына чын ниеттен көңүл айтты.
Президент Темир Жумакадыров жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүшүп, өлкөнүн Премьер-министри кезинде ал менен тыгыз байланышта иштешкенин белгиледи. «Биз улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча көп иштештик, коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин жана өлкөдө жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды талкуулачубуз», — деп белгилеген Мамлекет башчысы Темир Жумакадыров кийин вице-премьер-министр катары бул маселелер менен алектенгенин кошумчалады.
«Ал ата-эненин жакшы тарбиясын көргөн абийирдүү, акылы курч, мээримдүү адам эле. Өлкө үчүн иштегенге умтулчу», — деп белгиледи Президент.
Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүү маселеси боюнча Темир Жумакадыровдун стратегиялык көз карашы болгонун өзгөчө белгиледи жана азыркы кезде өлкөнүн Коопсуздук кеңеши ал баштаган ишти улантып жатканын кошумчалады. «Кеп мамлекеттик башкаруу системасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө болуп жатат. Бул ишти баштап кеткени үчүн мен ага ыраазымын», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Маектешүүнүн жүрүшүндө Темир Жумакадыровдун жубайы күйөөсүнүн ишин улантуу максатында анын ысымындагы коомдук фонд түзүлгөнүн белгиледи.
Темир Жумакадыровдун ата-энесине жана жубайына кайрылып, Мамлекет башчысы фонддун бардык демилгелерин колдоорун жана алар үчүн ар дайым эшиги ачык экендигин белгиледи.
Жагдайдан пайдаланып Президент Сооронбай Жээнбеков Темир Жумакадыровго ыйгарылган Жаматтык Коопсуздук Келишим Уюмунун II даражадагы Ардак белгисин анын ата-энеси менен жубайына тапшырды. 
Темир Жумакадыровдун туугандары өлкөнүн Президентине колдоо көрсөткөндүгү жана көңүл бөлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.


[6]

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/7469