Улуттук статистикалык комитет кыргызстандыктар акыркы учурда арак-шараптарды азайтканын билдирди.
Комитеттин тараткан маалыматына ылайык, өлкөдө 2013-жылдан бери алкоголдук ичимдиктерди сатуу көлөмү төмөндөп, шарапка карата гана суроо-талап күчөгөн.
Белгиленгендей, спирт ичимдиктерин сатуу, анын ичинен сыра сатуунун гүлдөгөн учуру 2014-жылга туура келет. Бул жыл арак-шарап өндүргөндөр үчүн кыйла жемиштүү жыл болгон.