Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бүгүн 5-октябрда Орусиянын Пермь шаарында башталган грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына катышат.
Бул маалыматты Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу тастыктады.
"Биргелешкен күрөш дүйнөсү" уюмунун расмий сайтындагы маалыматына ылайык, Икрамов 5-октябрда 41 жаштан 45 жашка чейинкилер арасында 78 килограмм салмакта күч сынашат. Ал алгач квалификациялык беттеште түркиялык Ондер Озгул менен күрөшөт.
Тазабек Икрамов 44 жашта.