Жамангулов: Гүл бакча курула турган Орозбеков көчөлөрүндөгү негизги кафелердин ээси мэрдин тууганына таандык

0

“Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов Бишкектеги Орозбеков көчөсүндө жайгашкан өрттөнүп кеткен башкы прокуратуранын жанындагы негизги кафелер шаардын мэри Азиз Суракматовдун жакын тууганы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын депутатына таандык, ал эми алар учурда арендага берилгенин билдирди.

Эл өкүлү мэриянын, өрттөнүп кеткен башкы прокуратуранын ордуна эс алуучу гүл бакча салуу буйругун сынга алган.

Айтымында, бул жакын жайгашкан кафе-ресторандардын кызыкчылыгында гана
“Мэриянын борбордогу 42 сотых жерди эс алуу бакчасына айландыруу буйрутмасы жакын жайгашкан кафе-ресторандардын кызыкчылыгын сүрөө экендиги ачык эле көрүнүп турат. Бакча салынып бүткөндөн кийин ал жердеги имараттардын баасы 5-10 эсе көтөрүлөт. Алдын-ала бул маселени азыртан көзөмөлгө алып, ал жерге көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай кура турган болсок, шаардагы тыгындардын азайышына өбөлгө болот”,-деп белгиледи эл өкүлү.

Белгилей кетсек, буга чейин мэр Азиз Суракматов толугу менен өртөнүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна, Бишкектин так борборунда - эс алуучу бакча курулат деп буйрутма берген. Ага чейин Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчист Балбай Түлөбаев ал жерге бала-бакча курулат деп айткан, бирок кийин ал ойлорунан кайтышканын жазып чыгышкан. Алдын-ала алынган маалыматтарга ылайык, ал жердеги бир сотых жер азыр 100 миң АКШ доллары турат.

Башкы прокуратуранын мурунку имараты Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Апрель окуяларанда имарат тонолуп жана өрттөлүп кеткен .

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/7458