Орусияда мигранттардын укугун коргогон уюмдун жетекчиси кармалды. Ага 2051-жылга чейин өлкө аймагына кирүүгө тыюу салынды

0

Орусияда мигранттарга көмөк көрсөткөн уюмдун жетекчиси федералдык коопсуздук кызматы тарабынан кармалды. Орус басылмаларындагы маалыматка караганда, "Тонг Жахони" коммерциялык эмес уюмдун жетекчиси Валентина Чупик өлкө аймагынан чыгарылат. Ал эми Валентина Чупик "Шереметьево" аэропортунда кармалып отурганын, документтерин алып коюшканын, кайда алып кетишери белгисиз экенин айткан. "Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлери кармалган айымга Орусиянын аймагында качкын макамынан ажыратуу тууралуу билдирүү тапшырышты. Ага 2051-жылга чейин өлкөгө кирүүгө тыюу салышты. Эми ал Өзбекстанга депортацияланат. Мигранттардын укугун коргоп жүргөн аял Анжиян окуясынан кийин Орусияга көчүп барган. Ал көп жылдардан бери Москвада жашап, укук коргоо органдарынын кысымына жана башка көйгөйлөргө туш болгон мигранттарга бекер юридикалык жардам көрсөтүп келген", - деп айтылат билдирүүдө.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18669