Бир мандаттуу округдардын чектерин бекитүү боюнча токтомдун өзгөрүшү талкуу жаратты. 8 округдун чек аралары кандай болуп өзгөргөн?

0

22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова чакырылган. Анда депутаттар бир мандаттуу округдардын чектерин бекитүү боюнча токтомдун өзгөрүшү тууралуу маселе көтөрүшкөн.

Депутат Өмүрбек Бакиров: “Бир мандаттуу округдардын чектерин бекитүү боюнча 5-сентябрда токтом кабыл алгансыңар. А эмне үчүн ошол токтомду 15-сентябрда кайра өзгөрттүңөр? Буга эмне түрткү болду? Мыйзам бузуу болгон жокпу? Анткени тиешелүү мыйзамда округдарды аймактык шайлоо комиссиясынын жана жергиликтүү бийликтин сунушу менен гана өзгөртүүгө болору белгиленген. Бирок силер жумушчу тобунун сунушу менен токтомду алмаштыргансыңар”, - деди.

“Мыйзамга ылайык, 5-сентябрда токтом кабыл алынган. Бирок Ош облусундагы шайлоо округдары боюнча талаштуу жагдайлар пайда болуп, токтомду өзгөртүү зарылчылыгы келип чыкты. Жумушчу топ бир нече отурум өткөрүп, мекемелер аралык комиссия да аталган маселени караган. Бирок бир пикирге келе алган жокпуз. Жыйынтыгында акыркы вариант көпчүлүк акимдердин жана губернатордун сунушу менен кабыл алынды”, – деп жооп берди Нуржан Шайлдабекова.

Бир мандаттуу округдардын чек араларына төмөндөгүдөй өзгөрүүлөр киргизилген.

№4 Көк-Жар шайлоо округу

Шайлоочулардын саны: 80 426.

Чек аралары: Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагы толугу менен;

Ноокат районунун Төөлөс, Ынтымак, Т.Кулатов, Он-Эки-Бел, Найман, Көк-Жар, Бел, Жаңы-Ноокат айыл аймактары, Гулистан айыл аймагындагы № 5402, № 5403 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу менен кирет.

№5 Ноокат шайлоо округу

Борбору: Ноокат району, Ноокат шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты. Шайлоочулардын саны: 82 006.

Чек аралары: Ноокат районунун Гулистан айыл аймагындагы №5400, №5401, №5525, №5593 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу, Ноокат шаары, Мирмахмудов, Кара-Таш, Т.Зулпуев, Кыргыз-Ата, Кеңеш, Н.Исанов, Көк-Бел айыл аймактары толугу менен кирет.

№6 Араван шайлоо округу

Шайлоочулардын саны: 91 029.

Чек аралары: Араван районунун Алля Анаров, Керме-Тоо, Мангыт, Нурабад, С.Юсупов, Тепе-Коргон, Чек-Абад айыл аймактары толугу менен; Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагы толугу менен кирет.

№7 Ош шайлоо округу

Шайлоочулардын саны: 110 685.

Чек аралары: Ош шаарынын Ош-МТУ-Жапалак, Ош-МТУ-1, Ош-МТУ-2, Ош-МТУ-3, Ош-МТУ-5 толугу менен кирет.

№8 Төлөйкөн шайлоо округу

Шайлоочулардын саны: 118 551.

Чек аралары: Кара-Суу районунун Мады, Шарк, Төлөйкөн, Папан айыл аймактары толугу менен;

Ош шаарынын Ош-МТУ-4, Ош-МТУ-6 толугу менен кирет.

№9 Кара-Суу шайлоо округу

Шайлоочулардын саны: 100604.

Чек аралары: Кара-Суу районунун Сарай, Кара-Суу шаары, Ак-Таш, Жоош, Нариман, Кашкар-Кыштак айыл аймактары толугу менен кирет.

№10 Куршаб шайлоо округу

Шайлоочулардын саны: 112 847.

Чек аралары: Өзгөн районунун Өзгөн шаарындагы № 5058, № 5059, №5060, № 5062, № 5063, № 5473, № 5498, № 5578, № 5579 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу менен, Кароол, Куршаб, Кара-Таш, Жалпак-Таш, Кызыл-Октябрь айыл аймактары толугу менен кирет; Кара-Суу районунун Кызыл-Суу, Жаңы-Арык, Отуз-Адыр, Катта-Талдык, Сары-Колот, Савай айыл аймактары толугу менен; Алай районунун Жаңы-Алай айыл аймагы толугу менен кирет.

№11 Алай шайлоо округу

Шайлоочулардын саны: 115 944.

Чек аралары: Алай районунун Будалык, Бүлөлү, Гүлчө, Жошолу, К.Белекбаев ат. Алай, Кабылаң-Көл, Коңур-Дөбө, Корул, Ленин, Сары-Могол, Сары-Таш, Талды-Суу, Үч-Төбө айыл аймактары толугу менен;

Чоң-Алай районунун Жекенди, Кашка-Суу, Чоң-Алай айыл аймактары толугу менен; Кара-Кулжа районунун Алайку, Капчыгай, Кара-Гүз, Кеңеш, Кызыл-Жар, Ой-Тал, Сары-Булак, Чалма, Ылай-Талаа, Кашка-Жол, Кара-Кочкор, Кара-Кулжа айыл аймактары толугу менен кирет.

№12 Өзгөн шайлоо округу

Шайлоочулардын саны: 90 047.

Чек аралары: Өзгөн районунун Ак-Жар, Алтын-Булак, Жазы, Зергер, Колдук, Кызыл-Тоо, Мырза-Аке, Салам-Алик, Баш-Дөбө, Дөң-Булак, Жылалды, Ийри-Суу, Төрт-Көл, Чаңгет айыл аймактары толугу менен кирет, Өзгөн шаарындагы №5499, № 5064, № 5065, № 5061, № 5066 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу менен кирет.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18655