Лейлекте сел жүрүп, турак үйлөрдү каптады

0

Баткен облусунун Лейлек районунда сел жүрүп, турак үйлөрдү каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-августта саат 17:40 чамасында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Лейлек айыл аймагынын Ак-Терек айылында 11 турак үйдү, 8 турак үйдүн короолорун сел каптаган.

Ошондой эле Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу айылында 2 турак үйдүн короосун, Катраң айылынын Таңгиоозу тилкесинде 4 турак үйдүн короосун, Калтарык тилкесинде 4 турак үйдүн короосун да сел каптаган.

Мындан сырткары, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 318-320-чакырымдарын, Катраң айыл аймагынын Өзгөрүш айылында Катраң-Өзгөрүш ички чарбалык жолунун айрым жерлерин сел каптаган.

Жеринде, 2 грейдер, 2 жүктөгүч тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле КР ӨКМнин Лейлек райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жана райондук ЖК комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүшүүдө.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16915