Кыргызстандык 22 жаштагы спортчу Мээрим Жуманазарова Олимпиада-2020 мелдешинин коло медалын утту. Байге үчүн таймашта ал монголиялык спортчу Соронзонболдын Батцэцэг менен таймашып, упай айырмасында утуп алды.
Атаандаштын далысын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздады. Мунун менен кыргыз спортчулары экинчи медалды алып келди.
Мээрим таймаштын башында эле демилгени колго алып, мыкты чабуулдарды жасап, ал ийгиликтүү болду.
Мээрим баштапкы этапта болгариялык Мими Николова Христова менен кез келип, 7:5 эсебинде утуп алган болчу. Чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудудуга 3:2 эсебинде жеңишти алдырган. Бирок нигериялык кыз финалга чыгып, Жуманазарова коло байге үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алган. Ал эми бүгүн эртең менен спортчу көңүл жубатуучу таймашта азербайжан кызы Элиз Манолованы 4:1 эсебинде утуп алды.
Жуманазарованын бул олжосу Кыргызстандын эгемен тарыхындагы үчүнчү коло байге болду. Буга чейин грек-рим күрөшүнүн балбаны Руслан Түмөнбаев, эркин күрөшчү Базар Барагуруев 2008-Пекин Олимпиадасынын коло байгесин тагышынкан.