Кыргызстандагы бизнес-коомчулук президент Садыр Жапаровго кайрылып, Жогорку Кеңеш үч окуудан жактырган экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча мыйзамга кол койбошун өтүнүп жатат. Бул тууралуу ишкерлер Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн "Экономикага өзгөчө кырдаал абалын киргизүүнүн таасири кандай болушу мүмкүн" аталышындагы брифингде айтышты.
КР президентинин алдындагы Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин адиси Айдарбек Мамбеткадыров бизнес өкүлүнүн пикирин колдой турганын билдирди. Анын айтымында, мыйзам долбоорунда кийин эки анжы пикир жарата турган түшүнүксүз жерлери бар. Мамбеткадыров кошумчалагандай, мыйзам долбоору кабыл алынардын мурда коррупцияга каршы экспертизадан өткөн эмес.
Депутаттар каникулга кетер алдында аны үч окуудан тең өткөрүп берген.