Ар бир жарандын коопсуздугу Чүй облустук милициясынын көзөмөлүндө

0

Ар бир жарандын коопсуздугу Чүй облустук милициясынын көзөмөлүндө

Кыргыз Республикасына эс алууга келген конокторду жана өлкөбүздүн ар аймактарынан келген эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында Чүй облусунун ички иштер органдарынын 700 ашуун кызматкерлер иш алып барышат.
Учурда Чүй облусу боюнча 35ден ашуун эс алуу жайлары конокторду кабыл алышууда. Жер-жерлерде, ошондой эле эс алуучу аймактарда коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жети милициянын көчмө кабылдамасы алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.
Ар бир жарандын коопсуздугун камсыздоо - Чүй облустук милициясынын эң негизги милдети.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15389