Бишкектеги мушташ: Адам өлтүрүүгө аракет жасаган шектүүлөр изделип жатат

0

Милиция кызматкерлери адам өлтүрүүгө аракет жасаган шектүүлөрдү издеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

28-августта эртең менен Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында эркек адамдар арасында мушташ чыккан. Анын кесепетинен мушташка катышкандардын бири комага түшсө, экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилген.

Аталган факт Жазык кодексиндеги 138-берене (ден соолукка оор зыян келтирүү) жана 266-берене (бейбашчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Шектүүлөр:

- Бапышов Жаныбек Сейитбекович, 1985-жылы туулган;

- Сейитбеков Калысбек Сейитбекович, 1999-жылы туулган.

Кылмышка шектүүлөрдүн жүргөн жери тууралуу билгендер «102» кызматы аркылуу кабарласа болот.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/10538