Жээнбеков: "Өз үйүбүзгө, же корообузга кылган мамилени шаарга да кылышыбыз керек"

0

«Биз Бишкекке жашыл шаар деген аталышын кайтарып беребиз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-августта, Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы Ч.Айтматов проспектиси менен А.Масалиев көчөсүнүн кесилишинде жаңы сейил бактын ачылышында.

Мамлекет башчысы бишкектиктерди жана борбордун конокторун шаардын турмушундагы маанилүү иш чара менен куттуктады.

«Күн сайын парктын жанынан өтүп баратып, анын курулушунун жүрүшүн байкап жүрдүм. Кызматкерлер менен куруучулар таң эртеден кечке чейин кол үзбөй эмгектеништи. Паркты орнотууга катыштыгы барлардын бардыгына ыраазычылык билдирем», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы мурда Фрунзе шаары өзүнүн тазалыгы жана жашыл шаар катары Советтер Союзуна атак-даңкы чыкканын баса белгиледи.

«Тилекке каршы, акыркы жылдары биз жашыл шаардын наамын жоготуп алдык. Кыш мезгилинде от жагуудан улам шаарыбыздын үстүн түтүн каптап жатат. Мунун баары шаардын жашыл саясатынын, борбор калаанын пландык өнүгүүсүнүн жоктугу, туш келди курулуштарды жүргүзүүнүн натыйжасы болуп калды. Бишкек шаарынын эң сонун географиялык жайгашуусу, экологиясы, кооз жаратылышы бар. Мындай бакубат жерде жашап жатып, таза абаны жоготуп алуу коркунучуна туш болдук. Борбор калаадагы курулуш саясаты толугу менен кайрадан каралып чыгат, өзгөчө көңүл и рригациялык система, сугат арыктарына бөлүнөт. Мындан тышкары биз мыйзамсыз ээлеп алган парк жерлерин шаарга кайтарып алуу боюча жумуштарды улантабыз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ошондой эле шаардын жогору жагындагы жерлерге шаардыктар үчүн эс алуучу, спорт менен машыгуучу жана сергек жашоо образын колдоочу ден соолукту чыңдоо, спорттук комплекстерди, бизнес-борборлорду ж. б. инфраструктураны куруу боюнча пландары менен бөлүштү.

«Биз бардыгыбыз Бишкекке аяр мамиле жасоого болгон аракетибизди көрүшүбүз керек. Өз үйүбүзгө, же корообузга кылган мамилени шаарга да кылышыбыз керек. Жалпы аракеттер менен биз ага кооз, жашыл келбетин кайтарып беребиз», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эске салсак, бул паркты курууга капсула 2019-жылдын апрель айында салынган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/10495