Home Blog Page 1800

Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков ЕККУнун Бишкектеги башчысы Алексей Рогов менен жолукту

Бүгүн, 14-октябрь күнү Нарын ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов баштаган өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда буга чейинки кызматташтыкты улантуу жана алдыдагы жаңы кадамдар боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Алмазбек Жумабеков ЕККУнун өкүлдөрүнө Нарын облусунун ички иштер бөлүмдөрүн колдоп, милициянын көчмө кабылдамалары үчүн унааларды жана техникалык каражаттарды алып бергендиги, бир катар масштабдуу окутууларды, тренингдерди жүргүзгөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Муну менен катар адамдардын коопсуздугун жана укуктарын коргоо багытындагы окуу-семинарларды уюштуруп, басма сөз кызматына телекоммуникациялык колдоо көрсөтүү долбоорлорун сунуштады.

Иш-чарада Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрү милициянын көчмө кабылдамасы Нарын облусунун Ат-Башы, Жумгал, Кочкор жана Ак-Талаа райондорунда иш алып барып жаткан милициянын көчмө кабылдамасынын ишмердүүлүгү боюнча таанышып, эл менен тыгыз иш алып барып жаткандыгын, калктын аярлуу катмарынын жергиликтүү жашоочулардын көйгөйлүү маселелерин жерине угуп тиешелүү жардамдар берилип жаткандагы тууралуу маалымат алышып, аталган автоунаалар боюнча да дагы да жардам көрсөтөөрүн баса белгилешти.

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы

Акылбек Жапаров биринчи отурумун Баткенден баштады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкө аймактары боюнча алгачкы сапарын Баткен облусунан баштады. Анда ал “Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү” инвестициялык форумуна катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта Акылбек Жапаров аталган региондун өнүгүү потенциалын баса белгилеп, инвесторлор үчүн жеңилдиктер тууралуу айтканы жазылат.

Баткен облусунун экономикасын өнүктүрүү стратегиялык мааниге ээ. Сиздерге белгилүү болгондой, Баткен облусунун өзгөчө статусу тууралуу мыйзам жана өнүктүрүү программасы кабыл алынып, иш-аракеттер планы бекитилген.

Эске салсак, парламентте депутат Карамат Орозованын суроолоруна жооп берип жатып, Жапаров биринчи кезекте Баткенге барып алгачкы отурумун ошол облуста болоорун белгилеген.

Мамлекет тарабынан чек ара аймагында иштеген ишкерлерге атайы салык режими түрүндө жеңилдиктер берилет. Ошондой эле өзгөчө инвестициялык режим киргизилген – министрлер кабинети инвестицияларга мамлекеттик кепилдик берет жана Баткен облусунун инвесторлору үчүн толук амнистия пландаштырылууда.

Мындан тышкары мамлекеттик түз сатып алуулардын уруксат берилген босогосу 2 миллион сомдон 5 миллион сомго чейин жогорулатылат. Бул режимдер – азыркы мезгилде Баткенге инвестициялоо, анын ичинде жергиликтүү ишкерлер үчүн жагымдуу мезгил. Мен жалпыңыздарды бул мүмкүнчүлүктү пайдаланууга чакырам. Негизгиси Евростандарт-5 боюнча иш алып баруу керек“, – деди Акылбек Жапаров.

Бул форум Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн гана эмес, ошондой эле маанилүү макулдашууларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк берери күтүлүүдө.

Октябрь Урмамбетов Баткен облустук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы менен таанышты

2021-жылдын 13-октябрь күнү ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Баткен облустук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы, ИИМнин АБПнун Баткен шаарындагы “Шумкар” өзүнчө ротасынын жана ИИМдин №707
аскердик бөлүгүнүн өздүк курамы менен жолугушуп, кызматтык форма менен камсыздалышын, милиция кызматкерлеринин сырткы келбетин, нөөмөт бөлүктөрүнүн, кызматтык бөлмөлөрдүн абалын, кызматкерлерге көрүлгөн
шарттарын текшерип, кышка даярдык, материалдык-техникалык жактанкамсыздалышынын абалы менен жакындан таанышты.


Андан сырткары жетекчилерге ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн
натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тапшырмаларды берди. Башкы тапшырмалардын бири алдыга коюлган тапшырмаларды так аткаруу, Жогорку
Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында
жарандардын коопсуздугун камсыздоо даярдыгы эсептелерин айтты. Октябрь Урмамбетов кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту так аткарууну,
ыкчам-кызматтык, тергөө иштерин жана кылмыштарды алдын алууну күчөтүү керектигин талап кылды.
Андан соң, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында жайгашкан стратегиялык обьект “Головной” участкасында кызмат өтөп жаткан ички аскер бөлүгүнүн
кызматкерлеринин кандай шартта иш алып барып жаткандыгы жана ИИМдин Ичкиаскерлерине курулуп жаткан жаңы имараттардын курулушу менен таанышты.

2bb28a77 fa41 497f 8f99 145bf57ace01 октябрь урмамбетов баткен облустук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы менен таанышты


Ошондой эле, Баткен облусунун Көк-Таш айылында жайгашкан ИИМдин аскердик
бөлүгү менен ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте чек
арадагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуусун жана жөө кайгуулду күчөтүү
боюнча тапшырмаларды койду.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Эркин Салымбеков кармалды

«Дордой Дыйкан» базарынын директору Эркин Салымбеков кармалды. Эркин Салымбеков бажыдагы схемаларга байланыштуу жана тиешеси кармалды. Бул тууралуу өздүк булактар маалымдады.

Окуянын толук чоо-жайы ачыкталган жок.

Маалымат дагы кийинчерээк толуктанат.

Тайырбек Сарпашев экинчи ирет кармалды

Экс-вице премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалды.

Маалыматка ылайык, ал жаңы кылмыш ишине шектелип кармалган.

Ал эми УКМКнын басма сөз кызматына байланышканыбызда, бул боюнча комментарий берилбей турганын айтышты.

Сокулук ГЭС-2и ишке киргизилди

14-октябрда президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук ГЭС-2нин ишке киришине байланыштуу өткөн иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы ГЭСтеги негизги курулуштарды көрүп чыгып, анын жабдуулары жана иши менен таанышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө энергетика анын саясатынын негизги багыттарынын бири экенин, ошондуктан бул тармакка өзгөчө маани берип, ар бир өзгөрүүгө өтө кылдаттык менен мамиле кыларын баса белгиледи.

Президент мамлекеттин энергетикалык системасындагы кырдаалды жана кыйынчылыктарды терең изилдегенин жана өлкөнүн өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүү жана бул тармакка инвестиция тартуу боюнча алдыга максат койгонун айтты.

Мамлекет башчысы энергетика системасында туруктуулукка жетүү жана бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу максатында быйыл бир катар чаралар көрүлгөнүнө токтолду. Тагыраак айтканда, электр энергиясын жана жылуулукту өндүрүүдөн баштап керектөөчүгө жеткирүүгө чейинки чыгымдарды жабууга мүмкүндүк бере турган орто мөөнөттүү жаңы тариф саясаты кабыл алынды, энергияны кайра жаратуучу булактар тармагындагы жабдууларды жана техникаларды импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөө милдеттемесинен бошотулду. Мамлекет менен потенциалдуу инвесторлордун өз ара кызматташуу, анын ичинде энергиянын кайра жаратуучу булактары боюнча ишкердикти лицензиялоодон бошотуп, жеңилдиктерди берүү мөөнөтүн 15 жылга чейин узартуу механизмдери иштелип чыкты.

Садыр Жапаров бул чаралар “жашыл энергияны” өнүктүрүүгө жана кошумча генерациялык кубаттуулуктарды жогорулатууга туруктуу түрткү берет деп ишенээрин билдирди. Президент белгилегендей, бул демилгелерди иш жүзүнө ашыруу үчүн чаралар көрүлгөн.

Маселен, ушул жылдын август айында Талас облусундагы “Бала-Саруу” чакан ГЭСинин курулушу башталды. Бул ГЭС жыл сайын 100 миллион киловатт саатка жакын энергия өндүрүп, Талас облусунун электр энергияга болгон муктаждыгынын 20 пайызын камсыздайт.

2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынгандыгына жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы бекитилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

— 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана кабыл алсын;

 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында көрсөтүлгөн инвестициялык долбоорлорду актуалдаштырсын;

— ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, сот бийлигинин органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн стратегиялык документтерин (концепцияларды, стратегияларды, программаларды) жана иш-чаралардын пландарын 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык келтирүү сунушталсын.

2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын тексти тиркелет.

Курсан Асанов абакта калтырылды

Бишкек шаардык соту бүгүн, 14-октябрда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Ушул эле күнү шаардык соттун имаратынын алдына Асановдун 50гө чукул тарапкери топтолуп аны бошотууну талап кылып турушту.

16-сентябрда Биринчи май райондук соту Асановдун бөгөт чарасын карап, аны Ысык-Ата районунун Төмөнкү Нооруз айылындагы өзгөчө оор кылмыш жасагандар отурган №50 тергөө абагына эки айга камоо чечимин чыгарган. Адвокаттар соттун чечимине каршы шаардык сотко апелляциялык арыз берген. Алар Асановду үй камагына чыгаруу же Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына которуу өтүнүчүн келтиришкен

Жалал-Абадда үч эмдин апасына шаардын эсебинен батир берилди

Жалал-Абадда быйыл март айында төрөлгөн үч эмдин апасына шаардын эсебинен батир бөлүнүп берилди. Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, үч эмин жана алардан улуу уулу менен кызын, жалпысынан беш баласын жалгыз чоңойтуп жаткан Гүлнара Бүркүтованын үй маселеси жергиликтүү кеңеште каралып, шаардык бюджеттен 1 млн 824 миң сом бөлүнгөн.

Тендер өткөрүлүп, натыйжада “Спутник” кичи шаарчасынан эки бөлмөлүү, бардык шарты бар батир алынган.

Күйөөсү менен эки башка жолго түшкөн 38 жаштагы Гүлнара Бүркүтова буга чейин бир бөлмөлүү жер тамда ижарада жашап келген.

«Жаш балдар менен көчүп жашаган кыйын экен. Үч эмге тийген жөлөкпулду батир үчүн төлөсөк, калганын өзүбүз тамак-ашка колдончубуз. Азыр эми өз үйүң болсо, башкача сезим болот экен”, – дейт Бүркүтова.

Үч эм – Аделина, Адилет жана Аделя быйыл 31-мартта төрөлгөн. Гүлнара Бүркүтовага шаар башчысы Эрнисбек Ормоков жолугуп, батир алып берүүгө аракет жасарын айткан.

Текебаев: “Садыр Жапаров Акылбек Жапаровду көзөмөлдөшү үчүн ага караганда эки эсе алысты көрө билиши керек”

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп жаңы дайындалган Эдил Байсалов мындан ары өкмөт мурдагыдай парламентке көз каранды жагдайда иштебей турганын “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” берүүсүндө айткан.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев талкуу учурунда парламентте көрөгөч, тайманбаган оппозиция керектигин айтты.

«Президент Садыр Жапаров Акылбек Жапаровду көзөмөлдөшү үчүн ага караганда эки эсе алысты көрө билиши керек, ага караганда эки эсе билимдүү болушу керек. Ошондо гана аны көзөмөлдөсө болот. Жалгыз президент аны көзөмөлдөй албайт. Коомдук пикир, массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги жана парламентте көрөгөч, тайманбаган оппозиция керек. Бийликтегилердин түбүнө кошоматчылар жеткен» , — деди Текебаев.