Баткен районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Баткен районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн мурун жаандан келген сел суулары турак үйлөргө кирип, ички чарбалык...
Быйыл Кыргызстанда 58 бүтүрүүчү президенттин колунан “алтын сертификат” алды. Тизме
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкөнүн жалпы билим берүү мекемелеринин "алтын сертификаттын" ээси болгон бүтүрүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи өттү.
Президенттин басма сөз кызматынан...
Ысык-Көлдө 1,63 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Карасаев айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети...
УКМК телеканалдардын биринин журналисттерин кармады
Телеканалдын биринин журналисттери пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында...
“Президент эч кимди калкалабайт”. Аскат Алагөзов Лаззат Нуркожоеванын жигитинин кармалышы боюнча комментарий берди
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Лаззат Нуркожоеванын жигитинин кармалышы боюнча комментарий берди.
"Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызынын жигити укук коргоо органдары тарабынан кармалганын тастыктайбыз.
Эске...
Бишкек шаарында №25 жана №175 автобустар каттай баштады
Бүгүн, 10-июлдан тарта Бишкек шаарында №25, жана №175 муниципалдык автобус каттамдары иштеп баштайт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, №25 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы "Ала-Тоо"...
Өлүмгө алып келген секирик. Сот Flyjump`тын ээсин үй камагына чыгарды
Аламүдүн райондук соту Flyjump экстремалдык эс алуу жайынын ээсин үй камагына чыгарды.
Ал 6-июлда милиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын кармалышына Flyjump`тан 39...
Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Екатеринбургга келди
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 9-июлда жумуш сапары менен Россиянын Екатеринбург шаарына келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Екатеринбург шаарында минкаб башчысы Акылбек Жапаров...
Кытай жараны Кыргызстандан 355 миң долларды чыгарып кетүүгө аракеттенген
Кытай жараны Кыргызстандан 355 миң долларды чыгарып кетүүгө аракеттенген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамилекеттик комитетинен билдиришти.
УКМК тарабынан Кыргызстандан накталай чет элдик валютаны мыйзамсыз ташып...
Бишкектен троллейбус каттамдары толугу менен алынат – Айбек Жунушалиев
Бишкектен троллейбус каттамдары толугу менен алынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, мындай кадам менен шаар ичи троллейбус линияларынан...