Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин эстелигин кулатып жатышат

Казакстандын Талдыкорган шаарында өлкөнүн тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин эстелигин кулатып жатышат. Бул тууралуу видео «Короче» Telegram-каналына жарыяланды. Анда демонстранттар эстеликти кулатууга аракет кылып жатышат.

Алматы шаарында күч түзүмдөрү артка чегинди, бир аскер оор жаракат алды

Алматы шаарында нааразылыкка чыккандар менен полициянын ортосунда кагылыш уланууда. Шаардык прокуратуранын имараты да өрттөнүп жатат. “Азаттыктын” казак кызматы билдиргендей, күч түзүмдөрү артка чегинди, бир...

Казакстан: көздөн жаш чыгаруучу газ, үн чыгаруучу гранаталар колдонулууда

5-январда Казакстандын Актөбө акимиатынын имаратын да митингчилер басып кирүү аракетин көрүп жаткан видеолор тароодо. Нур.Кз. басылмасы акимиатты митингчилер басып алганын жазып бир катар видеолорду...

Алматы шаарына коменданттык саат, Нур-Султан шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Нур-Султан шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду. Өзгөчө кырдаал режими 5-январдан тарта...

Алматы акимиатынын имараты өрттөндү

Учурда Алматы акимиатынын имараты өрттөнүп жатат. Бир нече мүнөт мурун митингчилер имаратты басып киришкен. Бул арада бир катар телеграмм-каналдары андагы абалдын видеолорун таратууда. Анда...

Uzbekistan Airways авиакомпаниясы Актауга каттамдарын токтотту

Uzbekistan Airways авиакомпаниясы буга чейин нааразылык акциялары өткөн Актауга каттамдарын токтотконун бүгүн компаниянын басма сөз кызматы билдирди. “Актау эл аралык аэропорту эл аралык каттамдарды кабыл...

Кайра шайлоого катышкандардын тизмеси

  Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт. Кайра шайлоого төмөнкүлөр катышуу ниетин билдиришкен. 1. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна - Биринчи Май шайлоо округу; 2. Алмамбетова Гуля...

Ирина Карамушкина депутаттыкка талапкерлигин койду

Ирина Карамушкина депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды. Маалыматка ылайык, ал Свердлов округунан шайлоого аттанат.  Эске салсак,...

Милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоону улантышууда

Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу эс алуу күндөрүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коомдук тартипти жана коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыздоо максатында жарандардын коопсуздугун сактоо...

Жанаозен шаарынын газды кайра иштетүүчү заводунун жетекчиси кармалды

Казакстандын Жанаозен шаарынын газды кайра иштетүүчү заводунун жетекчиси жана күйүүчү майдын электрондук соода-сатык тармагынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, заводдун...