Ошто өзүн башка атып алган жоокер көз жумду

Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусундагы бөлүмдөрүнүн биринде өзүн башка атып алган аскер кызматкери ооруканада көз жумду. Бул тууралуу  Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, ал кырсык катталары менен Алай районунун Гүлчө шаарындагы ооруканага жеткирилген. Бирок ага көрсөтүлгөн ыкчам медициналык жардам жана куткаруу аракеттерине карабастан, анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок. Бул факты боюнча чек ара кызматы кызматтык иликтөө иштерин улантууда.

Белгилей кетсек, 2004-жылы туулган И. уулу А. 8-апрелде АК-74 автоматынан ок чыгарып, өмүрүнө кол салууга аракет кылганы маалымдалган.