
Апрель ыңкылабында кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиев каза болгонун жакындары ырасташты. Маалыматка ылайык, 66 жаштагы Бакиев 13-апрелде Өзбекстандын аймагында каза болгон.
Ал соңку жылдары ооруп жүргөнү айтылууда. Акмат Бакиевдин сөөгү туулуп-өскөн Жалал-Абад облусунда жерге берилет.
Акмат Бакиев агасы Курманбек Бакиев бийликте турган жылдары Жалал-Абад облусундагы таасирдүү фигуралардын бирине айланган.
2010-жылы жайында кармалып, Апрель, Июнь окуяларындагы башаламандыктар боюнча жети жылга эркинен ажыратылган.
2012-жылдын башында ден соолугуна байланыштуу жатак абакка которулган. Ошол жылдын март айында Бакиевдин өлкөдөн качып кеткени маалым болгон. Андан бери анын кайда экени тууралуу расмий маалымат берилген эмес.






