
Аида Исатбек кызы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары болуп дайындалды. Бүгүн эртең менен ал мекеменин эмгек жамаатына тааныштырылды.
Буга чейин бул кызматты Айнура Орозбаева аркалап келген.
35 жаштагы Аида Исатбек кызы буга чейин «Ынтымак» партиясынан Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаты болгон жана соңку шайлоодо №23 округда талапкерлигин көрсөткөн.





