
Бишкекте 12-апрелде “Жаз деми” жарышы өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага 25тен ашык өлкөдөн 4500гө жакын адам катышып, 5 км, 10 км, 21,1 км аралыктарга чуркашат.
Өткөн жылдагыдай эле чуркоо маршруту “Газпром-балдарга” дене тарбия – ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында өтөт.
* Жайыл баатыр көчөсүнүн Алыкулов көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин;
* А. Масалиев көчөсүнүн Садырбаев көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейин.
Ушуга байланыштуу Жайыл баатыр жана А. Масалиев көчөлөрүнүн Алыкулов көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейинки түштүк тарабы саат 05:00дөн 13:00гө чейин жабылат.






