
Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын алкагында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Нурзат Нуртаева жарым финалга чыкты.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал 72 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, чейрек финалда Кореянын өкүлү Субин Кимди 10:0 эсебинде ишенимдүү жеңди.
Белгилей кетсек, жарым финалда Нурзат Нуртаева Кытай спортчусу Жиа Лонг менен беттешет. Жарым финалдык беттеш бүгүн, 9-апрелде саат 16:45те башталат.






