
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кызматтан кетерин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде өтүп жаткан «Салижан Жигитов жана адабият» симпозиумунда айтты.
Байсалов өлкө тарыхында эң көп жыл иштеген Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басар болгонун белгиледи.
“35 жылда 4,5 жыл вице-президент болуп иштеген жетекчи болбоптур. Мен да (ред.: кызматтан кетүүнү) сурандым. Түштөн кийин кызматтан кеткендигим боюнча жаңылык чыгат”,- деди Байсалов.
Буга чейин социалдык тармактарда кыргыз тарап анын АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалышы үчүн Вашингтондон макулдук алган деген маалыматтар тараган. Бирок, маалымат жарыяланган учурда бул расмий тастыкталган эмес.






