Азия чемпионаты: Бүгүн Мээрим менен Айпери алтын үчүн килемге чыгат

Кыргызстандык балбандар Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы бүгүн, 9-апрелде Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында килемге чыгышат.

Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта кытайлык Зелу Лини 1:1 эсеби менен утуп, финалга бет алды. Чечүүчү беттеште ал япониялык Мива Морикава менен кездешет.

Ал эми Медет кызы Хуи Чжангды 11:0 менен жеңип, финалга жолдомо алды. Финалда моңгол кызы Даваансана Энх-Амар менен күрөшөт.

Белгилей кетсек, кечээ чемпионаттын үчүнчү күнүндө кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өттү.

Анда 50, 55, 59, 68 жана 76 кг чейинки салмактарда медалдар ойнотулду.