Садыр Жапаров 15 миң студенттик КРСУ кампусун куруу жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Россиянын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда Россиянын биринчи президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруунун шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 18-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Жогоруда белгиленген макулдашуу кесиптик жогорку билим берүүнүн жана илимий иштин сапатын жогорулатууга, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде Кыргызстанда долбоордук кубаттуулугу 15 000 билим алуучу студентке Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун курууга, объектти заманбап материалдык-техникалык жабдуулар менен камсыз кылууга; объекттерди долбоорлоо, куруу, көзөмөлдөө, каржылоо жана пайдаланууга берүү бөлүгүндө тараптардын аракеттерин координациялоо үчүн аталган университеттин заманбап билим берүү, илимий жана социалдык инфраструктурасын түзүүгө багытталган.