
Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 4-ноябрында Каир шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Египет өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 12-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Бул мыйзам 2025-жылдын 4-ноябрында Каир шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Египеттин өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну күчүнө кирүүсү боюнча мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган.
Макулдашууда Кыргызстан жана Египеттин жарандары – дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагында кирүү, чыгуу жана транзит менен өтүү үчүн визалык талаптардан 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө бошотула тургандыгы каралган.






