Кагаз дүмүрчөктөр жок болот: коммуналдык төлөмдөр санариптик форматка өтөт

Борбор калаада коммуналдык төлөмдөрдү санариптик реформалоо боюнча даярдыктар жүрүп жатат. Бийлик кагаз дүмүрчөктөрдү алмаштырып, бардык кызматтарды бирдиктүү документке бириктирген электрондук төлөмдөргө өтүүнү баштап жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттин администрациясынын протоколдук тапшырмасын аткаруунун алкагында коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик квитанцияларга өтүү маселелери боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү. Кеңешмени шаар мэринин орун басары Рамиз Алиев жетектеди.

Жыйынга шаардык коммуналдык кызматтардын жетекчилери, ошондой эле Энергетика министрлигинин, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын, «Түндүк» ММнын, «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсынын жана «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү катышты.

Кызматтардын маалымат базаларын интеграциялоо жана бириктирүү, бирдиктүү төлөм документин түзүү, биллинг системин өнүктүрүү жана толугу менен санариптик форматка өтүү маселелери талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында кагаз дүмүрчөктөрдөн баш тартуу жана коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик дүмүрчөктөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.