Күрөш боюнча Азия чемпионаты: биринчи күнү үч кыргызстандык финалга чыкты

6-апрелде Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты башталып, анын алкагында грек-рим күрөшү боюнча беш салмак ченинде финалисттер аныкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Кыргызстандын курама командасынан бул күнү беш спортчу килемге чыкты. Алардын төртөө жарым финалга чейин жетип, Афтандил Таалайбек уулу, Акжол Махмудов жана Асан Жанышов ишенимдүү түрдө жеңишке жетишип, финалга жолдомо алышты. Улан Муратбек уулу финалга чыгуу үчүн болгон таймашта жеңилип калып, эми коло медаль үчүн күрөшүн улантат.

Роман Ким мелдешти жеңиш менен баштаган, бирок чейрек финалда ирандык балбанга утулуп калды. Кийин атаандашы финалга чыкканына байланыштуу кыргызстандык балбан коло медаль үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк алды. Эми 7-апрелде коло жана алтын байге үчүн жана беттештер өтөт.

7-апрелдеги жуптар:

55 кг чейин

Коло медаль үчүн таймаш:

Улан Муратбек уулу — Мохаммад Панахисани (Иран)

63 кг чейин

Финал:

Афтандил Таалайбек уулу — Эрфан Жаркани (Иран)

77 кг чейин

Финал:

Акжол Махмудов — Али Забихолла Оску (Иран)

87 кг чейин

Финал:

Асан Жанышов — Голамреза Фарокхисенжани (Иран)

130 кг чейин

Коло медаль үчүн таймаш:

Роман Ким — Ким Минсок (Корея).