
Күн мурун Нарын облусунун Жумгал районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Миң-Куш, Сары-Булуң айылындагы 3 турак үйдүн айдоо жерлерин каптаган. Бул тууралуу ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, буга тоо кыркаларынан чоң көлөмдө келген сел суулары аталган айылдардан сайы аркылуу агып жатып, нугунан чыкканы себеп болгон.
Анын кесепетинен ошондой эле Чаек – Миң-Куш жолунун 38 чакырымындагы жолго кум-шагыл толуп калган. Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүүдө. Жол эки тараптуу ачылган.






