
Кыргызстандын бокс боюнча Улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу «Ahmet Cömert International Boxing Tournament» эл аралык мелдешинде жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, турнир Стамбул шаарында 29-марттан 5-апрелге чейин өттү.
Кыргызстандык мушкер 60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, мелдештин бардык баскычтарын ишенимдүү түрдө басып өттү.
Ал алгачкы беттешинде Өзбекстандын өкүлү Тилав Супоновду, чейрек финалда австралиялык Дарси Омаллейди жеңди. Жарым финалда германиялык мушкер Денис Бриль менен кез келип, аны да 5:0 эсебинде утуп финалга чыкты.
Ал эми чечүүчү финалдык беттеште калыстардын бир добуштан чечими менен 5:0 эсебинде Украина өкүлү Иван Завадскийди утуп алды.






