Халифат түзүүнү көздөгөн: Издөөдө жүргөн экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды

Бишкекте Ош базарынын аймагында “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун Кара-Көл шаарындагы радикалдык ячейкасынын жетекчиси, 39 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-апрелде УКМК тарабынан издөө жарыялоо боюнча жөнөтүлгөн көрсөтмөнүн негизинде ИИМдин кызматкерлери өз тарапташтарын Кыргызстанда теократиялык мамлекет – халифат түзүүгө чакырган Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында төрөлгөн Б.А.Т. аттуу жаранды кармашты.

Кармалган жаран узак убакыт бою Кара-Көл шаарында “мушриф” (шаардык-райондук ячейкасынын лидери) статусун ээлеп келип, калк арасында экстремисттик идеологияны пропагандалоо, адабияттарды таратуу, жаңы жактоочуларды тартуу менен активдүү алектенген. Ошондой эле экстремисттик иш-чараларды каржылоо максатында жөнөкөй мүчөлөрдөн каражат чогултуучу тармакты түзгөн.

Тергөө учурунда кармалган адам тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” уюмунун мүчөсү экенин жана Кара-Көл шаарында “мушриф” макамына ээ экенин мойнуна алган.

Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.