Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

6-12-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы “Жаштык аренада” спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт. Мелдешке Азиянын эң күчтүү балбандары катышып, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Жалпысынан 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат. Чемпионаттын программасы күрөштүн түрлөрүнө жараша төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

6-8-апрель күндөрү грек-рим күрөшү боюнча мелдештер өтөт;

8-10-апрель күндөрү кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер болот;

10-12-апрель күндөрү эркин күрөш боюнча таймаштар уюштурулат.

Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын намысын өлкөнүн мыкты балбандары коргойт: грек-рим күрөшү боюнча 10 спортсмен, кыз-келиндер күрөшү боюнча 9 жана эркин күрөш боюнча 10 балбан күч сынашат.