Ош эл аралык аэропортунда биринчи жолу Ташкент-Ош түз авиарейси ишке кирди

Ош эл аралык аэропортунда биринчи жолу Ташкент-Ош багыты боюнча түз авиарейс ишке кирди. Бул жаңы каттам Кыргыз Республикасынын Ош облусу менен Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарынын ортосундагы туристтик, экономикалык жана маданий байланыштарды чыңдоого чоң салым кошот.

Баштапкы этапта авиарейс аптасына эки жолу аткарылат. Келечекте каттамдардын саны аптасына төрт жолуга чейин көбөйтүлөрү пландалууда. Авиабилеттердин баасы эки тарапка тең 120 АКШ долларын түзөт. Бул салыштырмалуу жеткиликтүү баа болуп эсептелет.

Ош облусунун жетекчилиги жана жергиликтүү коомчулук эки өлкөнүн өкмөттөрүнө мындай маанилүү жана керектүү чечимди кабыл алгандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирет. Бул авиакаттам эки региондун ортосундагы байланыштарды чыңдап, туристтик жана соода-экономикалык өнүгүүгө жаңы дем берет.