Кыргызстанды 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстанды болжол менен 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Жер титирөө бүгүн эртең мененки саат 5:28де катталды.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Өзгөн шаарынан 3 чакырым, Куршаб айылынан 5 чакырым, Кара-Суу шаарынан 30 чакырым жана Ош шаарынан 45 чакырым алыстыкта ​​​​жайгашкан.

Калк жыш жайгашкан аймактарда жер титирөөнүн күчү:

  • Өзгөндө Мырза-Арык жана Кароол айылдарында — болжол менен 4,5 балл;
  • Куршаб, Мырза-Аке, Красный Маяк жана башка айылдарда — 4 балл;
  • Кара-Сууда Отуз-Адыр, Курбу-Таш, Ничке-Сай, Салам-Алик айылдарында — 3,5 балл;
  • Ошто, Манас, Көк-Янгакта — 3 балл.