
Бишкекте 4 автобус каттамы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, автобустар Ауэзов көчөсүнүн Салиева көчөсүнөн тартып Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү реабилитация иштерин жүргүзүү үчүн жабылгандыгына байланыштуу каттамын өзгөрттү.
№36, №105, №152 жана №162 автобус каттамдары убактылуу жаңы схемалар боюнча каттайт.
Мэрия шаар тургундарына убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамдарын алдын ала пландап алууну сунуштайт.









