
Көк-Жар кичи районунда 146 млн сомго бааланган жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө мэрия муниципалдык жер тилкесин пайдаланууга берүүдө мыйзам талаптарын одоно бузууга жол бергендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде Көк-Жар кичи районунун И.Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан баасы 146 млн 273 миң сомду түзгөн 0,63 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.






