ЖКнын депутаты айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу мөөнөтүн узартууну суранды

Депутат акысыз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу мөөнөтүн узартууну суранды. Бул тууралуу Улан Бакасов бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү Нарын облусунун, тактап айтканда, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунун тургундары ага кайрылганын айтты.

«Бир катар объективдүү себептерден улам, жарандар өкмөттүн акысыз айдоочулук күбөлүктү жаңыртуу программасынан пайдалана алышкан жок. Алар күбөлүктү алмаштырууну бир айга узартууну суранышууда», — деп кошумчалады Бакасов.

Эске салсак, айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу иши 2026-жылдын 1-апрелине чейин жүгүзүлдү.