Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу 2028-жылы толук пайдаланууга берилет

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу 2028-жылы толук пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда жол курууда уурдалып кеткен каражаттар боюнча кылмыш ишинин алкагында соттук териштирүүлөр жүрүүдө.

  “Бул жол 2014-жылы эл аралык донорлордон алынган 1 млрд долларга жакын насыя каражаты менен башталган. Долбоор ошол учурда шашылыш жана чийки кабыл алынган. Буга ири суммадагы каражатка көз арткан кызыкдар топтор себеп болгон. Натыйжада каражаттын жарымын жолго жумшамыш болуп, калганы ошол кездеги жооптуу адамдардын чөнтөгүнө кеткен. Каражат максаттуу жумшалбай, жумуш сапатсыз аткарылгандыктан, жолдун коопсуздугу бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келет”, — деди ал.