Кыргызстандын Ирандагы элчилиги убактылуу ишин токтотту – ТИМ

Кыргызстандын Ирандагы элчилиги убактылуу ишин токтотту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдайт.

Ирандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарына жогорку сактык чараларын көрүү, жеке коопсуздук эрежелерин так сактоо, эл көп топтолгон жерлерден жана кооптуу аймактардан алыс болуу, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын талаптарын так аткаруу сунушталат. Ар дайым өздүгүн тастыктаган документтерди жанында алып жүрүү жана расмий билдирүүлөрдү кылдат көзөмөлдөө зарыл.

Белгиленгендей, министрлик Иранга баруудан убактылуу карманууну кайрадан сунуштайт.

Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда же консулдук-укуктук жардам алуу зарылдыгы болсо, КР ТИМдин Консулдук департаментинин ишеним телефонуна, ошондой эле Иран менен чектеш мамлекеттердеги Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө дароо кайрылуу керек.

ТИМдин Консулдук департаменти (күнү-түнү):

+996 999 312 002, E-mail: dks@mfa.gov.kg

Кошумча шашылыш байланыш телефондору:

Кыргызстандын Азербайжандагы элчилиги:
+994 993 312 312, +994 12 505 56 74, +994 55 750 53 01

Кыргызстандын Армениядагы ардактуу консулу:
+374 91 919191

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги:
+90 312 491 35 06, +90 545 689 68 00

Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилиги:
+993 12 48 22 95, +993 12 48 22 96, +993 65 69 40 59

Кыргызстандын Афганистандагы элчилиги:
+93 77 9099326, +93 77 9099326, +93 77 654 4504 (WhatsApp)

“Министрлик кырдаалдын өнүгүшүн тыкыр көзөмөлдөөнү улантууда жана жарандарды сабырдуулукту сактоого, ошондой эле жеке коопсуздук чараларын так сактоого чакырат”,-деп айтылат маалыматта.