
Бүгүн, 31-мартта саат 13:20да Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү очогунда күчү 3,5 баллга жетип, Сары-Иймек жана Кара-Кече айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.






