
Президент Садыр Жапаров “Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү аяктоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Айдоочулук курамды эсепке алуу жана каттоо системасын тартипке келтирүү максатында, Конституциянын 71-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат:
- 2026-жылдын 31-мартында мурда колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөрдү 2025-жылдын үлгүсүндөгү айдоочулук күбөлүктөргө акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүк аяктасын.
- Президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор:
– 2026-жылдын 1-апрелинен тартып 31-декабрына чейин мурда колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөрдү медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документти бербестен, министрлер кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 “Президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун ишинин маселелери жөнүндө” токтомунда белгиленген тартипте алмаштырууну жүзөгө ашырсын;
– жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-ресурстарда убактылуу улуттук өнөктүктүн аяктоо мөөнөттөрү жөнүндө кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
– айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жыйынтыктоочу отчетту берсин;
– ушул жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
- Президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси өзүнүн компетенциясынын чегинде айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жыйынтыктоочу отчетту берсин.
- Президенттин 2026-жылдын 22-январындагы № 6 “Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү өткөрүү жөнүндө” жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
- 2026-жылдын 31-мартына (кошкондо) чейин мурда колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөрдү 2025-жылдын үлгүсүндөгү айдоочулук күбөлүктөргө алмаштырууга арыз берген адамдар айдоочулук күбөлүктөрдү тариздөө жана берүү жол-жоболору иш жүзүндө аяктаган датага карабастан өнөктүктү өткөрүү мезгилинде колдонулган шарттарда тейленүүгө жана айдоочулук күбөлүктөрдү алууга тийиш деп белгиленсин.
- Бул жарлыктын аткарылышын контролдоо президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






