
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 1-2-апрель күндөрү иш сапары менен Азербайжанга барат.
Иш сапардын алкагында минкаб башчысы Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президенттеринин экинчи жыйынына катышат.
Ошондой эле ал Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушат.






