“Алтын-Булак” санаторийи мамлекетке кайтарылды

Ак-Суу районунда 75 млн сомдук социалдык багыттагы кыймылсыз мүлктөр мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Ак-Суу районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 1993-жылы 2 га жер аянтында жайгашкан 4 корпустуу “Алтын-Булак” санаторийи, ошондой эле 2021-жылы Каракол айыл аймагындагы жалпы 0,51 га жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, базар баасы 71,6 млн сомду түзгөн санаторий жана 3,43 млн сомду түзгөн 0,51 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.