
Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигиндеги булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-мартта Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын кызматкерлери Мелис Тургунбаевди «Кыргызнефтегаз» ААКсына байланыштуу иш боюнча күбө катары суракка чакырышкан. Тергөө иштеринин жыйынтыгында ал кармалган.
Мелис Тургунбаев мурда мунай жана газ тармагында бир катар жетекчи кызматтарды ээлеген. Тактап айтканда, ал «Кыргызнефтегаз» ААКнын Башкармалыгынын жана Директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеген.
Ал ошондой эле жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри, кийинчерээк Улуттук банктын жетекчиси болгон.
Мелис Тургунбаевдин аты «Кыргызнефтегаз» ААКсындагы мүмкүн болгон мыйзам бузуулар боюнча тергөөдө пайда болушу мүмкүн, ал жерде ал көп убакыт боюу жогорку кызматты ээлеген.
Бул боюнча азырынча ИИМ расмий маалымат бере элек.





