
Кыргызстандык мугалим “КМШдагы мыкты педагог” аталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Эшперов айылынын №7 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Аида Жаңыбаева “КМШдагы мыкты педагог” эл аралык сынагында биринчи даражадагы дипломго ээ болду.
Сынактын биринчи туру 7-февралда башталып, анда мугалим экинчи турга ийгиликтүү өткөн. Жыйынтыктоочу баскыч 24-мартта Астана шаарында өттү. Анын жыйынтыгында Аида Жаңыбаева I даражадагы диплом, төш белги жана “КМШдагы мыкты педагог” статуэткасы менен сыйланды.
Эл аралык сынакка Борбор Азия өлкөлөрүнүн педагогдору катышты.






