1-апрелден тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин базалык айлык акысы 31 миң сом болот

Кыргызстанда ар бир медициналык адистин өзүнүн коэффициенти бар жана базалык айлык акы 7040 сомду түзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө Саламаттык сактоо министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Клара Өскөнбаева билдирди.

Анын айтымында, 7040 сом бул бардык кызматкерлер үчүн бирдиктүү базалык айлык акы. Бирок коэффициенттер ар кандай. Саламаттык сактоо тармагында дарыгерлер эки категорияга бөлүнөт: үй-бүлөлүк дарыгерлер жана башка адистер.

   “Үй-бүлөлүк дарыгерлердин коэффициенти бүгүнкү күндө 2,85ке көтөрүлгөн. Эгер азыр базалык коэффициент 3,25ти түзсө, 1-апрелден тарта ал 4,45ке көтөрүлөт. Ошондо биздин жаш адистер жогорку окуу жайын аяктагандан кийин бир жылдык ординатураны бүтүрүп, Үй-бүлөлүк медицина борборуна жумушка кирсе, базалык кызматтык айлык акысы 31 миң 322 сом болот”, — деди ал.

Учурда, 1-апрелге чейин, үй-бүлөлүк дарыгердин базалык айлык акысы 22 миң 880 сомду түзөт. Ошондой эле айыл жеринде же алыскы тоолуу райондордо иштегендиги үчүн кошумча төлөмдөр каралат. Мисалы, врач айылда иштесе, айылдын коэффициенти 1 миң 800 сом кошулат. Ал эми алыскы райондордо иштесе, ар биринин өзүнүн коэффициенттери болгондуктан, 5%дан 50%га чейин көтөрүлөт.

  “Президенттин Элдик курултайдагы сунушу боюнча президенттик компенсациялык төлөм киргизилген. Дарыгерлерге жана медайымдарга айына бир кишиге, бир ставка иштегенге 15 миң сом кошулат. Ал эми жарым ставка менен иштегендер жарымын — 7 миң 500 сом алышат”, — деп кошумчалады Өскөнбаева.