Эртең Жибек Жолу проспектисинин түштүк бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкекте эртең, 24-мартта унаа кыймылы үчүн Жибек Жолу проспектисинин түштүк бөлүгү — Кулиев көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки тилкеси жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, бул аймакта “Жибек Жолу проспектиси боюнча Турусбеков көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө чейинки канализациялык коллекторду капиталдык оңдоо” долбоорунун алкагында диаметри 600 мм болгон канализациялык коллекторду куруу-монтаждоо иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу “Бишкексууканал” ишканасы шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга жана жол каттамдарын алдын ала пландаштырууга чакырат.