Финансы министри Руслан Сүйналиев жамаатка тааныштырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына ведомствонун жаңы жетекчиси Руслан Сүйналиевди тааныштырды.

Тааныштыруу учурунда Адылбек Касымалиев экономикалык туруктуулукту камсыз кылууда жана мамлекеттик программаларды ишке ашырууда Финансы министрлигинин өзгөчө ролун белгилеп, ведомствонун алдында жогорку кесипкөйлүктү жана ыкчам чечимдерди кабыл алууну талап кылган амбициялуу максаттар турганын билдирди.

Жолугушуунун соңунда минкаб төрагасы министрликтин жамаатына жана жаңы министрге жемиштүү иш жана ведомствонун милдеттерин ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.