
“Акылман” президенттик лицейи 2026-2027-окуу жылдарына карата 6чы жана 7-класстарды кабыл алууну баштады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында мектептин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Азиреткул Асанов билдирди.
Анын айтымында, келе жаткан окуу жылында Манас жана Талас шаарларында лицейдин филиалдары ачылат.
“Буга байланыштуу 2026–2027-окуу жылына карата Чолпон-Ата, Манас жана Талас шаарларындагы лицейлерге 6-класстын окуучулары 7-класска бир учурда тандалып алынат. Ал эми 7-классты аяктап жаткандар 8-класска Манас жана Талас шаарларындагы филиалдарга кабыл алынат” — деген ал .
Ошондой эле Асанов кошумчалагандай, “Акылман” президенттик лицейине тапшыруучуларга үч негизги талап коюлат.
“Конкурска катышуунун өзүнүн критерийлери бар. Биринчиден, катышуучулар учурда өлкө ичиндеги билим берүү мекемелеринде билим алып жаткан окуучулар болушу шарт. Экинчиден, алар Кыргызстандын жараны болушу абзел. Үчүнчүдөн, окуучулар “жакшы” жана “эң жакшы” деген бааларга окушу, тагыраак айтканда, окуунун алдыңкысы (отличник) же жакшы окуган (ударник) болушу зарыл. Окуучунун учурдагы 1, 2 жана 3-чейректери боюнча жетишүү табели каралат”, — деди ал.
Жетекчи белгилегендей, кабыл алуу үч тур менен жүргүзүлөт. 1-2-турлар аралыктан (онлайн) тестирлөө жолу менен, ал эми 3-тур оффлайн форматында өткөрүлөт.
6-класстар үчүн кабыл алуу мөөнөттөрү: Каттоо 15-мартта башталып, 13-апрелге чейин уланат.
- Сынамык тест: 14–15-апрель;
- 1-тур: 17, 18, 19-апрель;
- 2-тур: 23, 24, 25-апрель;
- 3-тур: 1–10-май.
7-класстар үчүн кабыл алуу мөөнөттөрү: Каттоо 26-апрелден 26-майга чейин жүргүзүлөт.
- Сынамык тест: 28–29-май;
- 1-тур: 1, 2, 3-июнь;
- 2-тур: 7, 8, 9-июнь;
- 3-тур: 15–24-июнь.
Экзамендик предметтер: 1-2-турларда окуучулар математика, логика, кыргыз тили, орус тили жана тарых предметтеринен тест тапшырышат. Ал эми 3-турда математика, логика, кыргыз тили жана англис тили боюнча даярдык көрүүсү зарыл.
Маалымат үчүн: “Акылман” президенттик лицейи мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун демилгеси менен ачылган. Мекеме өлкөнүн билим берүү системасын жакшыртууга, интеллектуалдуу, чыгармачыл жана дүйнөлүк деңгээлде атаандашууга жөндөмдүү жаштарды тарбиялоого багытталган. Окутуу процессинде эл аралык алдыңкы тажрыйбалар улуттук баалуулуктар менен айкалыштырылып колдонулат.






