УКМК Стамбулда «Ислам мамлекети» эл аралык террордук уюмдун мүчөсүн кармап келди

УКМК эл аралык террористтик уюм «Ислам мамлекети» менен байланышы бар деп шектелген кыргызстандык жаранды кармады. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү Ош облусунун Араван районунда жашап жүргөн мезгилде калк арасында террордук идеологияны жайылтуу менен алектенген. Ал конституциялык түзүмдү кулатууга жана «Халифат» теократиялык мамлекетин түзүүгө чакырык таштап, Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн жарандарды азгырган.

Ошондой эле Кыргызстандын аймагында террордук актыларды жасоо пландарын түзгөнү аныкталган.

Шектүү 16-мартта Түркиянын Стамбул шаарынын аймагында УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды. Учурда Кыргызстанга алып келинип, учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.