
Тышкы иштер министрлиги Москвадагы жол кырсыгынан жабыркаган кыргыз жарандарынын санын тактады.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен кичи автобустун ичиндеги Кыргызстандын 6 жараны ар кандай деңгээлде жаракат алган.
Жол кырсыгы 14-мартта Калуга шоссесинин 45-чакырымында болгон. Анда кыргыз жарандарын ташыган туристтик автобус жана Volkswagen микроавтобусу менен кагышкан.
Окуя болгон күнү Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулу милиция бөлүмүнө барып, жабыркагандар тууралуу маалыматты тактаган.
Учурда жабыркагандар Москвадагы ооруканаларга жеткирилип, керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Бул маселе Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин көзөмөлүндө экени белгиленди.
Эскерте кетсек, 14-марттын эртең менен Калуга шоссесинде Volkswagen микроавтобусу балдарды ташыган туристтик автобус менен кагылышкан. Буга чейин маалымат каражаттары булактарга шилтеме берип, кырсыктан тогуз кыргыз жараны жабыркаганын жазышкан.






