ЖКнын мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиев 10-майга чейин камакка алынды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Конгантиев 10-майга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Ленин райондук соту УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн карап, канааттандырды.

УКМК мурда Конгантиев жер тилкелерин жана ага караштуу юридикалык жактарды пайдалануу менен мыйзамсыз схемаларды уюштурууга шектелип жатканын билдирген.

Эскерте кетсек, Куванычбек Конгантиев № 21 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке шайланып, 13 миң 379 добуш алган. Парламентте ал «Эл үмүтү — Ата Журт» парламенттик тобунун мүчөсү болгон жана өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш комитетин жетектеген.